Окуялар

УКМК: Талас шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин кызматкерлери бюджетке 5 миллион сом акча кайтарып беришти

Буга чейин КР УКМК органдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Талас шаарынын вице-мэри М.М.Байджигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Жусупбеков А.Д., вице-спикер Курамаев А.С. жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Долдоев М.С. кармалышкан.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом которгон, ал эми бул адамдар тергөө учурунда келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кошумча төлөп берүүгө милдеттенишкен.

Белгиленген жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле  айыпталуучулардын баш коргоо чарасын ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына байланыштуу өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып, Талас шаардык соту тарабынан А.Д.Жусупбековго, М.М.Байджигитовго жана Курамаева А.С. карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы (камак түрүндөгү) үй камагына алмаштырылган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун кошумча төлөп берүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдири УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button