КоомМаданият

Мирбек Атабеков ажырашып кеткен аялына үй белек кылды

Блоге Мээрим Төлөпберген социалдык тармактагы баракчасына үйлүү болгон кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

Эми биздин өзүбүздүн үйүбүз бар. Жашоодогу кырдаалдарга, кыйынчылыктарга, жакшылыктарга, эки адамдын эки башка жол тандап кеткенине карабастан Мирбектинберешендигине ыраазычылык билдирем. Жаңы жыл сонун белек менен башталды. Бүгүн балдарды үйгө алып бардым. Эми алар өз бөлмөлөрүнө түс тандап жатышат. А мен болсо ашканамдын кандай болорун элестетип жатам”,— деп жазды ал.

Ал ошондой эле үй алуу планында бар болгонун, 31 жашында 3 баласы менен үйү болбогонунда кээде уялганын жазды. “Бул эки тарапка тең оңой жол болгон жок. Бирок 10 жыл чогуу жашап, ортобуздагы 3 балабыз үчүн бир чечимге келише алганыбыз үчүн кубанычтамын”,- деди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button