Коом

Баткенде жол кырсыгына кабылган окуучулардын экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Окуя 1-июнда Кадамжай районунда болгон. 9-класстын окуучулары класс жетекчилери менен бирге мектепте виньеткага түшкөн. Андан соң спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, “Hyundai Porter” автоунаасына 25 окуучу чыккан.

Унааны класс жетекчилердин бири айдаган. Бирок жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, 9 окуучу жерге кулап түшкөн. Кырсыктаган окуучулар ооруканага жеткирилип, эки окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.  

Билим берүү министрлиги учурда кыздардын абалы жакшы экендигин, бүгүн томографиялык текшерүүдөн өтүшөрүн маалымдады.  

Учурда окуя боюнча тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана  класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button