Коом

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны 9 адамга жетти

Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9га жетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү такталууда.

Издөө иштерине жалпы ӨКМден 53 куткаруучу, ИИМнен 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам болуп, жалпы 373 адам тартылган.

Буга чейин ӨКМ сел кырсыгынан 8 адам каза болгонун билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button