Дүйнө
Афганистанда катуу жааган кардан улам адамдар каза болууда

Афганистандын аймагында жааган кар жана жаан-чачындын кесепетинен кеминде 61 адам каза болуп, дагы 110 адам жаракат алды. Бул тууралуу ишемби күнү өлкөнүн Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча улуттук башкармалыгы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин начарлашынан 458 турак жай толугу менен же жарым-жартылай талкаланган.
Маалыматтар алдын ала болуп саналат жана өзгөрүшү мүмкүн. Айрым аймактарда адистер кырдаалга баа берүүнү улантып жатышканын башкармалыкта билдиришти.
Акыркы үч күндө Афганистандын көптөгөн аймактарында катуу суук жана күчтүү кар жаап, анын натыйжасында бир нече маанилүү автоунаа жолдору, анын ичинде Кабулду айрым провинциялар менен байланыштырган жолдор жабылган.



