Коом

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу курулуш иштеринин жүрүшү боюнча видео жарыялады.

Ал буга чейин ордо калаа жетекчилиги кичи аренанын курулушу 31-августка карата бүткөрүлөрүн билдиргенин эске салды.

«Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алары жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылган.

Аталган обьектинин курулушунун жүрүшүн президент Садыр Жапаров башка курулуш иштерин кароонун алкагында апрелдин соңунда пландан тышкары барып көрүп кеткен», — деп жазды Алагөзов.

Белгилей кетсек, өлкө аймагындагы курулуштардын жүрүшү боюнча маалымат туруктуу негизде Мамлекет башчысына берилип турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button