Окуялар

Дарыгерлер Нарында табарсыгына арматура сайылып калган өспүрүмдү аман алып калышты

Окуя 23-июлда болгон. 16 жаштагы бала курулушта иштеп жүргөндө бийиктиктен кулап, табарсыгына арматуранын 18 сантиметри сайылып калган.

Бейтаптын чоң кан тамырлары үзүлүп, жоон ичеги, табарсыгы жабыркаганын облустук оорукананын директорунун орун басары Эламан Алиев билдирди. Кан көп кетип калгандыктан дарыгерлер кан куюп, 5 саат бою оор операция жасашкан.

Учурда өспүрүм айыгып, үйүнө чыгарылганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button