Коом

ИИМ: WhatsApp мессенджери аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбеңиз

Акыркы күндөрү WhatsApp мессенджеринде адамдардын тобу өзүлөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан алдоо жолу менен жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды чогултуп жатышканы, бирок чындыгында алар уурулук менен алектенген адамдар экендиги тууралуу билдирүү таратылууда.

Урматтуу жарандар, жалган маалыматка ишенбегиле. Эгерде сиздерге ушул сыяктуу текст менен смс-билдирүү келсе, аны башка жакка жөнөтпөңүздөр.

Мындай фейк смс-билдирүүлөр калк арасында араздашууну жаратууга кызыктар адамдар тарабынан өздөрүнүн жеке максаттарына жетүү үчүн жасалып таркатылат.

Республиканын аймагында мындай көрүнүш менен жарандардын үйлөрүнө келип, өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган фактылар катталган эмес.

Эскерте кетсек, ИИОнун ыйгарым укуктуу участкалык милиция кызматкерлери зарыл болгон учурда гана, аларга бекитилген аймактардагы үйлөрдү кыдырып маалымат алышат.

Алар ар дайым кызматтык кийим кийип, кызматтык күбөлүктөрүн алып жүрүшөт жана көкүрөгүндө онлайн камералары, ошондой эле жашоочуларды, социалдык объектилерди, өзүнө тейлөөгө берилген айакта объектилерди жана керектүү маалыматты камтууга электрондук каттоо үчүн планшеттери дагы бар болот.

Участкалык милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери үйүңүздөргө барганда сиз кызматтык күбөлүгүн көрүп, аны менен таанышып чыгууну суранышыңыз керек.

Эгерде сиздин үйүңүзгө шектүү адамдар, шектүү суроолор менен келсе, дароо жергиликтүү ички иштер органдарына кайрылыңыз же 102 кыска номуруна чалыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button