Коом

Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды

5 бөлмөлүү үйлөр Таймурас Ташиевдин каражатынан айылдагы 4 балалуу жалгыз бой эне менен дагы бир тургунга 2 айда салынып берилди. 

«Элибиздин башына кандай гана көйгөйлөр келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызбы берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүкө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Таймурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын», — деди УКМК башчысы. 

Эске салсак, июлда Кара-Суу районунун Мады айылында сел жүрүп, турак жайлар жарактан чыккан эле. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button