Коом

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет. Себеби

Бүгүн, 7-мартта кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүүгө байланыштуу Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырым аралыгында Коргоо министрлигинин артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен түшүрүлөт.

«Буга байланыштуу саат 11:00дөн 18:00гө чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан жана Нарын районунун Оттук айылынан Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолуна чектөө (жабылат) киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button