Коом

Суучулдардын, токойчулардын жана Кыргызгидрометтин кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү каралууда

2026-жылы Кыргызстанда Суучулдар кызматынын адистеринин айлык акысын жогорулатуу каралып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматында, суучулдардын жана Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен токойчулардын маянасын жогорулатуу каралууда.

«Азыркы тапта суучулдар 30 миң сомдун айланасында маяна алышат, кошумча акчасы 20 миң сомду түзөт. Ошондо колго 50 миң сомдой алып калышат», — деди ал.

Мамбетовдун айтымында, Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен кенже техникалык персоналдын эмгек акысы көтөрүлөт. Мындан тышкары, быйыл токойчулар менен Материалдык резевдер фондунун адистери да жогорулатылган маяна ала башташат.

«Токойчулар болжол менен 20-30 миң сом алышат. 2026-жылы айлык акыны көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлө берет. Күзгө чукул дагы бир катар категориядагы кызматкерлердин маянасын жогорулатууну караштырып жатабыз», — деди Мамбетов.

Тектеш кабарлар

Back to top button