Коом
Бажы кызматынын 21 кызматкери жумуштан алынды

Ведомстводо президенттин коррупцияга каршы иштерди күчөтүү боюнча берген көрсөтмөсүнүн алкагында ички териштирүү жүргөн.
Натыйжада одоно тартип бузгандар (инспектордон жетекчиликке чейин), коррупцияга илешкендер аныкталып, кызматтан бошотулду.
Дагы 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн. Бирок териштирүү кайсы убакта болгону айтылган жок. Материалдар тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилди.



