Коом

Бишкекте кыздарды мыйзамсыз окутуп жаткан диний лагерь аныкталды

Борбор калаада мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын диний лагери аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Аталган диний жай өз ишмердүүлүгүн уруксатсыз жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосу жок жүргүзүп келген. Анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.

Ошондой эле ал жерде ДИМКнын, санэпидемкөзөмөлдүн, Билим берүү министрлигинин, Ички иштер органдарынын, өрт кызматынын жана жергиликтүү органдардын кызматкерлеринин катышуусунда комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, окуу-тарбия программаларын, өрт коопсуздугун сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду.

УКМК жарандарды балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде диний лагерлерге жибербөөгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button