
“Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Алга Кылычевдин үстүнөн жалган маалымат таратканы үчүн сотко арыз түштү.
Кылычев, Дөө Чыӊгыз (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүнүн өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тийешеси бар, буюртма берип өлтүргөн деп өзүнүн фейсбуктагы баракчысы аркылуу видео кайрылуу жасаган.
Адам өлтүрүү боюнча оор кылмышка айыптаган Кылычевди ырчы Анжелика сотко берип, жалган айыптоосу үчүн 10 000 000 сом моралдык чыгым өндүрүп берүү арызы менен Ленин райондук сотуна кайрылды.



