Коом

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды

Президент “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде өлкөдө түз жер 6% экенин, сөөк коюлган жерлер кийин иштетилиши керектигин айткан. 

Жапаров чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик койгонун айткан. Бирок атасы 1990-жылдардын аягында ажыга барып келгенден кийин шарият боюнча эстелик коюуга болбой турганын айтып, эстеликтерди алып койгонун кошумчалады. 

“Мен прездинет башым менен кылбагандан кийин айылдагы кара чай, кара нан жеп отурган үй-бүлө дагы кылбашы керек. Кеп ысырапкорчулукта гана эмес, шарият боюнча да”, — деди Жапаров. 

Өлкө башчы ошондой эле уулу Дастандын мүрзөсүнө эстелик коюлбаганын көрсөткөн. 

“Эстелик койбудук. Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коердо туугандар “3 бодо мал даярдап койдук, жетеби” деп сурашты. Телефондон “тоок да сойбойсуңар” дедим. “Бишкектен бери келгендер ачка кетип, сөз кылат” дешти. “Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла” дедим. 5 миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок”, — деди өлкө башчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button