Коом
Айдоочулук күбөлүктү алматыруу үчүн кайрадан экзамен тапшыруу керекпи?

Кыргызстанда айдоочулар айдоочулук күбөлүгүн жаңыртууда кайрадан экзамен тапшырышы керекпи? Бул суроого Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун айдоочулардын курамын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу жооп берди.
Анын билдирүүсүндө, айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндө айдоочулар күбөлүгүн жаңыртууда кайра экзамен тапшырбайт.
«Айдоочулар 083 медициналык маалымкатын, паспорт жана айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүшү керек. Башка эч кандай документтер талап кылынбайт», -деди Нургазы Ормонбек уулу.



