Индонезияда Семеру вулканы бир күндө сегиз жолу атылып, элге коркунуч алып келди

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы бир сутка ичинде сегиз жолу атылды. Бул тууралуу ТАСС кабар берди.
Маалыматта белгиленгендей, вулкан күлү кратерден 800 метр бийиктикке, деңиз деңгээлинен 4 476 метрге чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле күлдөн тараган түтүн түштүк жана түштүк-батыш тарапка тездик менен тараганы белгиленген. Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктардын кесепеттерин жумшартуу борбору жергиликтүү тургундарды аталган жерден 3 чакырым аралыктай алыс болууга чакырды.
Семеру — Индонезиядагы бийиктиги боюнча төртүнчү орунда турган вулкан (деңиз деңгээлинен 3 676 м) жана Ява аралынын эң бийик чокусу болуп саналат.
Индонезия архипелагы 18 миңдей аралдан турат жана ал Тынч океандын оттуу шакегинде жайгашкандыктан, бул аймактын сейсмикалык активдүүлүгү жогору болуп эсептелинет. Аталган аймакта жалпысынан 500дөн ашуун вулкан бар, учурда алардын 130у күчүндө.



