Коом

Борбор калаада Болливуд кинофестивалы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 21-24-ноябрь күндөрү Бишкекте Болливуд кинофестивалы өтөрүн маалымдады. Иш-чара «Ала-Тоо» кинотеатрында уюштурулат.

Фестиваль Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кинематография департаментинин колдоосу менен өтөт. Ачылыш аземи Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, анда «Каухар» улуттук бий ансамбли жана «Таберик» балдардын музыкалык театры өнөр тартуулашат. Ошондой эле «Дангал» индиялык тасмасы көрсөтүлөт.

Фестивалдын программасы:

— 22-ноябрь — «Уурдалбаган келин» (Dilwale Dulhania Le Jayenge)

— 23-ноябрь — “Инглиш Винглиш» (English Vinglish)

— 24-ноябрь — «Жашоонун кызыксыз болуусу мүмкүн эмес» (Zindagi Na Milegi Dobara)

Кинофестивалдын алкагында индиялык маданият жана кино өнөрү кыргызстандыктарга жакындан таанытылат. Кирүү эркин.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button