Коом

ИИМ: Аламүдүндө “Зомбулуксуз мектеп” программасын жайылтуу максатында семинар болуп өттү

9-февралда Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Лебединов айыл өкмөтүнүн базасында «Зомбулуксуз мектеп» типтүү программасынын Концепциясын жайылтуу максатында презентация семинары болуп өттү.

Бул иш-чара Акыйкатчы институту тарабынан 2022-жылдын 8-февралынан 9-мартына чейин жарыяланган балдарды зордук-зомбулуктан, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир айлык убакыттын ичинде өткөрүлдү. Жолугушуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы жана «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Аламүдүн районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлмира Кыштобаева, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова, Чүй облусунун Аламүдүн районунун мектеп директорлору, жарандык коомдун, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Программанын максаты – коомду жашы жете элек балдардын көйгөйлөрү тууралуу ачык айтууга үндөө, билим берүү жана илим министрлигинин, ички иштер министрлигинин күч-аракетин бириктирүү, ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ата-энелерди жана окуучуларды тартуу.

Совет доорунан бери сакталып калган маселелерди чечүүнүн стереотиптерин өзгөртүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана үй-бүлө институтун чыңдоо зарыл.

Иш-чарада  ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Нуржан Адылова сөз сүйлөп, жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, зордук-зомбулукту жоюу үчүн алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүү керектигин жана ата-энелер, алардын жакындары менен туруктуу негизде психологиялык иштерди жүргүзүп, балдарды зомбулуктан коргоо боюнча иш чараларды күчөтүү менен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү керектигин билдирди.

Социалдык өнүктүрүү органдарынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциялардын, башка аймактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле социалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жана кызматтык квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү зарыл.

Ал мамлекеттик органдардын ортосунда жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыздоо боюнча ишти күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Программанын алкагында мектептерде иштеген мугалимдерге жана чоңдорго конструктивдүү мамиле жасоо, балдар менен ачык баарлашуу, чыр-чатактарды чечүү, зордук-зомбулуктан коргоонун ички жана тышкы тармагын куруу көндүмдөрү үйрөтүлөт.

Ошондой эле, бул программа өнөктөштүктү куруу жана зомбулукту активдүү кыскартууга социалдык мобилизациялоо боюнча биргелешкен аракеттерди жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоону камтыйт, —  деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button