Коом
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады
Ал туу өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, келечекке жол баштаарын айтты.
“Манастын кырк чоросундай кырк нуру чачыраган күнү менен элибиздин башын бир мүдөөгө бириктирген түндүгү куп жарашкан кызыл туубуздун желбиреп турганы – элибиздин эң башкы бактысы! Бир түндүктүн астында бириккен ынтымактуу элибизге тынчтык, токчулук, береке каалайм!” — деди Жапаров.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн.



