Коом

Президенттик администрация жалган маалыматтарды таратып жаткандарга эскертүү берди

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейк маалымат тараткандар боюнча жазып, бийликти атынан жасалган эскертүүнү социалдык тармагына жарыялады.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

«Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, «кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды социалдак тармактар аркылуу таратып келишкен.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулду.

Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, ата-энелери жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды», — деп наалып чыгасыңар.

Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласынар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматынар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салыныш керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз.

Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар».

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button