Коом

Жакында Россия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина жөнөтөт

Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ал Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри менен жолукканда Россияда иштелип чыккан вакцинаны жеткирүү маселесин козгогон, анын кесиптеши бул маселе президенттердин деңгээлинде чечиле турганын айткан.

“Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барганда ушул маселени көтөргөн. Россия Кыргызстанга 500 миң доза Спутник V вакцинасын берүүгө макул болгон. Аны биз май айында келет деп күтүп жатабыз”,-деди министр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button