Коом

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

Учурда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүү үчүн иш сапарда жүрөт. Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге  маалымат берди.

«Баткен облусунда күч түзүмдөрүнөн турган штаб түзүлгөн. Эки өлкөнүн өкүлдөрү «Достук» заставасында жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анын жыйынтыгында бул окуяны жана анын келип чыгышын изилдөө үчүн комиссия түзүлдү. Андан сырткары ӨКМга эвакуацияланган жарандарды үйлөрүнө жеткирүү боюнча тапшырма берилди. Жергиликтүү тургундарды тынчтыкты сактоого чакыруу жана көзөмөл жүргүзүлдү. Эң негизгиси чек арага жакындаган күч түзүмдөрүн бөлүктөрүнө кайтаруу. Кечке чейин күч түзүмдөрү артка кайтышат. Чек арада болгону коомдук тартипти сактоо үчүн чек ара кызматкерлери менен милициянын керектүү органдары калат. Тажик тарап жыйында сүйлөшүлгөн эки тараптуу милдеттенмелерди аткарат деген ойдобуз» — деди Камчыбек Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button