Коом
19-майга карата аба ырайы

Шейшемби күнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө +22…+27,
Таласта +19…+24,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31,
Ысык-Көлдө +19…+24,
Нарын регионунда +20…+25 градус ысыйт.
Бишкекте +23…+25 градуска жетет.



