Спорт

Белбоо күрөшү боюнча курама Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди, анын үчөө алтын

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 5 медаль утту. Анын үчөө алтын, бир күмүш жана бир коло.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-17-декабрь күндөрү Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн

Алтын медаль ээлери:

  • Дооронбек Сапанов (62 кг чейин);
  • Мыктыбек Өмүрзак уулу (75 кг чейин);
  • Эсенбек Кудайбердиев (82 кг чейин).

Муктарбек Мыктыбеков 90 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болсо, 75 кг чейинки салмакта Дурсунбек Көлбаев коло тагынган.

Курама команда башкы машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button