Коом

Бакиевдин уйунун ордуна мумкунчулугу чектелген балдар учун курулган “Келечек” борбору ачылды

Реабилитациялык борбордун ачылышы кечээ 29-декабрда орун алып, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. 

Ал эми президенттик аппараттын маалымат бөлүмүн башчысы Дайырбек Орунбеков бул тууралуу төмөнкүдөй пикирир билдирди:

“Бул  үйдүн ордуна, реабилитациялык борбордун курулушу башталганда эмне деген гана ушактар айтылган жок. “Бакиевдин үйүн оңдоп берет экен”, “Бакиевдин үйүн Каныбек Туманбаев тартып алганы жатыптыр”,-деген жалаалар айтылган. Алар арабызда жүрөт, айрым журналисттер, блогерлер. Бүгүн курулуш аяктап, колдонууга берилгенин көрүп, убагында жалган маалымат тараткандыгы үчүн уялып жатышса керек. 


2010-жылдан бери кароосуз, ар ким “ээлеп” алып турган жер эми ден соолугунунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөтөт. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 5 айдын ичинде Бишкекте эле 15 мектеп, 1 балдар бакчасы курулду. Бул имараттын орду 3-июнда тазаланып башталган. 

Тилекке каршы реабилитациялык борбордун кызматына муктаж жарандарыбыз бар. Эч кимдин ден соолугу жабыркабасын деген тилегимди билдирем.

Президенттин командасы айткан убадасын өз убагында аткарды. Кийинки жылдарга пландалган курулуштар дагы дал ушул имараттар сыяктуу аягына чыгат” деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button