Генералдар кеңешинин мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери менен жолугушту

2023-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар Кеңешинин мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын өздүк курамы менен жолугушту.
Жолугушууга Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал- майору Октябрь Урмамбетов, генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин генералдар Кеңешинин коомдук мүчөлөрү милициянын отставкадагы генералдары Осмонали Гуронов жана Шейшенбек Байзаков катышышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Өз кезегинде жолугушууга келген ардагерлер белгилегендей, эгемендүү мамлекет түптөлө баштаганда, милиция кызматкерлери өтө татаал шарттарда иштөөгө туура келген. Алар кээде электр жарыксыз, техникасыз жана жылуулуксуз иштеп, документтерди машинкаларга кол менен басып чыгарышкан. Бүгүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылганын баса белгилешти.
Ал эми, Садырбек Дубанаев «Учурдагы милиция кызматкерлеринин милдети — ар дайым өзүн-өзү өнүктүрүү, чыгармачылык жана спорттук тенденцияларды арттыруу болуп саналат. Ал эми, жаш кызматкерлерге бекитилген наасатчылар жана ардагерлер өздөрүнүн кеңештерин берип, жардам көрсөтүшү керек», – деп билдирди.
Октябрь Урмамбетов мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүп жатканына токтолуп, материалдык-техникалык база оңолуп, оргтехника, атайын техника менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканына токтолду.
Жыйынтыгында кандай мезгил болбосун милицияга болгон коомдун ишеними жана талабы жогору бойдон кала берери, андыктан милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзүзүп, милициянын катарында жогорку кесиптик жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керектиги айтылды.
Жыйындын соңунда милиция кызматкерлери өздүк курамга акыл-насааттарын айтып, бай тажрыйбасы менен бөлүшкөн генералдарга ыраазычылыгын билдирди.




