Коом
Өтө тез көбөйүүдө! Кыргызстанда 742 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 632, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган.
Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясы үч кишинин өмүрүн алды. Үчөө тең Бишкектен катталган. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 826ны түздү.



