Коом

Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрү көп катталат. Статистика

Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрлөрү көп катталарын Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянуу менен билдирди.

Өткөн жылы республикада 45,1 миң кылмыш катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга көп. Анын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 17,7 пайызга көбөйгөн. Менчикке каршы кылмыштардын саны бир нече эсеге көп, тагыраагы, 73 пайызды түзөт.

2022-жылы катталган негизги кылмыштардын саны:

уурдоо — 20 422;

алдамчылык — 8 626;

бейбаштык — 1 747;

тоноо — 1 351;

баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо — 777;

кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 703;

жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 515;

баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаты жок мыйзамсыз даярдоо — 495;

ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү — 481;

ден соолукка оор залал келтирүү — 207;

адам өлтүрүү — 197;

зордуктоо — 160;

каракчылык — 152;

ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу — 138;

салык төлөөдөн качуу — 119;

пара алуу — 117;

опузалап пара алуу — 69;

бийликтен аша чабуу — 25;

адам сатуу — 1;

контрабанда — 1.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button