Коом

Камчыбек Ташиев чек ара чырында жабыр тарткан аскерлер менен дарыгерлерди сыйлады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен аскер кызматкерлери менен аларга жардам көрсөткөн дарыгерлерди сыйлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, «КР Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы менен тмөнкүлөр сыйланды:

Акимжан Таштанов, №99718 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;

Чынарбек Аманбаев, Генералдык штабдын Учуу коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысы;

Нурсултан Жунусов, №23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык транспорт эскадрильясынын командири;

Жылдыз Деркенбаева, Саламаттык сактоо министрлигинин №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;

Токтобай Маанаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгери.

«Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен:

Эсенбек Бейшенов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын улук борттехник-инструктору;

Мелисбек Абдылдаев, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын борттехник-инструктору;

Дастанбек Урамов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын кораблинин командиринин жардамчысы;

Нуржигит Нургазиев, №23565 аскер бөлүгүнүн медициналык кызматынын башчысы;

Ырыскелди Талантбеков, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын радиооператор-инструктору;

Гүлбара Кабулова, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери;

Алмаз Тентимишев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Алмаз Кыдырбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Ислам Апсатаров, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;

Сүйүн Ажибеков, Саламаттык сактоо министрлигинин хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология кафедрасынын доктору;

Алмаз Мамышов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын ириңдүү хирургия бөлүмүнүн дарыгери;

Дөлөс Муратов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №2 нейротравматология бөлүмүнүн врачы;

Марат Каныбеков, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери;

Кудайберди Жаныкулов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы;

Таалайбек Сооров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирургу;

Рустам Хусейнов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;

Сапарбай Сатыбалдиев, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;

Бакытбек Бакиров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button