Коом
28-октябрга карата аба ырайы
28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 7…9 градус болот.



