Коом

Кыргызстанда жыл аягына чейин 100 соцобъекттин курулушун бүткөрүү пландалууда

Кыргызстанда жалпы 283 социалдык объекттин курулуш иши кызуу жүрүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуштар министрликтин көзөмөлүндө.

Анын ичинен:

Мектеп — 145;
Бала бакча — 74;
Спорт объекти — 34;
Саламаттык сактоо объекти — 11;
Маданият үйү — 5;
Административдик имарат — 14.

Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126
социалдык объект бүткөрүлүп,
пайдаланууга берилген.

Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соцобъектинин курулушун бүткөрүү
пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button