УКМК: Камчыбек Ташивдин кайрылуусунан кийин Бишкек шаарынын жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине эскертүүлөр берилди

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
УКМК, КР министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин кайрылуусунан кийин Бишкек шаарынын жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине эскертүүлөрдү берди.

2025-жылдын 24-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Чүй облусунун жергиликтүү бийлик башчыларынын катышуусунда өткөн жыйында республиканын баардык жергиликтүү бийлик башчыларына өздөрүнө ишенип берилген аймактарды көрктөндүрүү жана жарандардын социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча кыска мөөнөттө тийиштүү иштерди жүргүзүү боюнча талаптарды койгон.

Ушуга байланыштуу, 2025-жылдын 25-июнь күнү, КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы тарабынан, Бишкек шаарынын жергиликтүү бийлик органдарынын бардык жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлүп, анда кыска мөөнөттө жер-жерлерден кабар алуу менен өз аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча иш-үстүнөн таанышууга, социалдык объекттерди куруунун, ишенип берилген аймактардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнүн, бюрократияны минималдаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу чыгымдоо, аткарылып жаткан жумуштардын мөөнөттөрүн жана сапатын өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, жергиликтүү калк үчүн оң чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик сатып алуу иштерин жүргүзүү иштеринде эң төмөнкү бааларга эмес, сапатына жана эң негизгиси квалификациялык талаптарга жооп бергендигине көңүл буруулуусу белгиленди.
Ошону менен бирге, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери өз аймактарын көрктөндүрүү, жашоочулардын социалдык проблемаларын чечүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжал эмес пайдалануу боюнча өздөрүнүн функционалдык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылаары жөнүндө эскертилди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча КР министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев тарабынан коюлган талаптарга ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын баардык башчыларына алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн коомго гана пайда алып келгидей, өлкө жетекчилигинин мамлекеттик саясатына зыян келтирбей тургандай шартта иш алып баруусу боюнча өз алдынча тыянак чыгаруу сунушталды.



