Коом
Папан суу сактагычына 27 млн долларга чакан ГЭС курулат

Келишим «Чакан ГЭС» ААК менен «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ишканасынын ортосунда түзүлдү.
Документке ишкана башчылары Нурлан Садыков менен Цзян Лицзи кол коюшту.
Папан суу сактагычы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Макулдашуу боюнча, анда 20-25 мегаваттка чейинки чакан ГЭС салынат.



