Коом

Жаан карга айланат. 29-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 29-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 29-октябрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас облусунда +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда +10…+15, Нарын облусунда +9…+14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы +10…+12 градус болушу күтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button