Коом

Бишкекте таштанды полигондору жабылат

Бишкекте Кытай өкмөтү менен чогуу таштанды өрттөөчү завод курулат. Ал ишке киргенден кийин шаардын айланасындагы таштанды полигондору жабылат. Бул тууралуу 5-апрелде вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, завод күн сайын 1 тонна таштандыны жок кылуу күчүнө ээ болот.

«Бүгүнкү күндө шаардан бир күндө 1,2 миң тоннага чейин таштанды чыгарылат. Заводдун курулушуна 95 млн доллар сарпталат, анын курулушу үчүн таштанды полигондун орду — 12 гектар жер каралып жатат. Таштандыны өрттөөдөн ыш чыкпайт, бууга айланат. Завод бара-бара суткасына 2-3 тоннага чейин таштандыны жок кылуу кубатына ээ болот», — деди Шамыралиев.

Вице-мэрдин маалыматына караганда, учурда борбор калааны курчай жайгашкан 20 таштанды полигону бар. Бара-бара алар жабылып, андагы таштандылар заводдо жок кылынат.

Былтыр ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Junxin Environment Protection компаниясынын жетекчиси Да Даокуо (Dai Daoguo) менен таштанды жок кылуучу жана кайра иштетүүчү завод куруу келишимине кол койгон. Заводдун аймагына таштанды өрттөөчү мештер, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоочу системалар, турак жай жана спорт залдар курулары кабарланган.

29-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button