Коом
Билим берүү министрлиги жаңы окуу графиги боюнча кат даярдап жатканын айтты

Жаңы окуу графиги боюнча нааразычылыктар күч алып, маселе парламент трибунасынан көтөрүлө баштады.
Билим берүү мекемелериндеги окуу графиги боюнча документ демилгеленгенде министрлик терс корутунду берген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик балдардын саат 7:30да окушуна каршы болгон.
«Токтом долбоорун бизге макулдашууга жибергенде терс корутунду бергенбиз. Шаардык кеңештин сунушуна макул болгон эмеспиз. Бирок анда биздин пикир эске алынган жок. Азыр окуу жайлардан келген кайрылуулардын негизинде министрлер кабинети менен мэрияга кат даярдалууда», — дешти министрликтен.



