Коом
COVID-19 боюнча статистика. 32 жаңы учур катталып, 165 адам оорудан сакайды

Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирус 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 165 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 273 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 543 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 287 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 957 киши айыгып чыкса, 2 миң 942 адам каза болду



