Коом
Мектептерде күзгү каникул 5-ноябрда башталат

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2025–2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат. Окуучулар үчүн күзгү эс алуу 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.
Министрлик окуучуларга пайдалуу жана коопсуз эс алуу каалап, ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.



