КоомСаясат

Депутат Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштады

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом.

Ошондой эле айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button