Коом
“Caravan” соода борборунда 3 жашар наристе эскалаторго кыпчылып калды

Кечээ, 23-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Караван» соода борборунда 2021-жылы туулган Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда кыздын абалы тууралуу маалымат жок.



