Коом

«Колу-бутун байлап…» Чүйдө 72 жаштагы пенсионер тонолду

Чүй районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
5-декабрда саат 07:00 чамасында 1950-жылы туулган аял кишинин үйүнө ууру кирген. Белгисиз жаран үйдүн жарыгын өчүрүп, күч колдонуп, колу-бутун узарткыч менен байлап, 50 миң сомун, 10 миң сомдук сөйкөсүн, 23 миң сомдун телефонун алып кеткен.

Кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button