Айжана Мырсан: Ымыркайга элжирей албайм, багуудан корком

Жаш жазуучу жана активист Айжана Мырсан соцтармактагы баракчасына үй-бүлө куруу жана балалуу болуу тууралуу пикирин жарыялады.
«Мекендештеримдин акылына аял күйөөсүз деле бактылуу боло алаары сыйбайт.
Жок, мен албетте салт, менталитет дегенди түшүнөм… бирок дүйнө өзгөрөт. Көз караш, эреже өзгөрөт, жашоо шарты адам үчүн бир топ ыңгайлаша баштайт. Бирок биздин эл аял күйөө жана бала менен гана көптөн күткөн бактысына ээ болуп, өзүнүн жаратылыш берген энелик жана жубайлык милдетин аткарат деп өжөрлүк менен тастыктаганын койбойт.
Мен толук үй-бүлөдө өстүм. Аалам картинасы дароо эле ата-энемдин образы менен түзүлдү, бирок мени атам тарбиялады. Бул деген принцесса болгонум жок дегенди билдирет. Мен иттердин мушташына бардым, балык уулоого бардым, кыскасы, кызга караганда эркек балага көбүрөөк окшоштум. Мен үчүн өз маселемди өзүм чечүү кыйын эмес. Өзүмдү коргоодон да кыйналбайм. Бирок мени дагы деле баласыз жана күйөөсүз жашоом үчүн айыптагандар бар.
Чындыгын айтканда, мен балдардан корком… мен алардын оюу менен болуп эркелете албайм. Кусундусун тазалай албайм. Уктап жаткан ымыркайды карап элжирей албайм. Жаман бекен? Уят бекен? А мага баары бир!
Ар кимге өз тагдыры, же андай эмеспи?
Эмнеге мен эркин жашоом үчүн уялышым керек?
Менин кыялым сен кандай жашоо тандаганыңа көңүл бурбаган адамдардын арасында жашоо. Ачыгында, менин жашоом бул менин тандоом эмеспи. Менин бут кийимимди бир күн да кийип көрбөгөндөрдүн айтканын кулак сыртымдан гана кетирем».




