Кыргызстанда соттордун айлыгы 160 миң сомго чейин көбөйдү
Кыргызстанда соттордун негизги айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Мындан тышкары, төмөнкү категориядагы жарандардын айлыгы көтөрүлгөн:
аскер кызматкерлери — 21 миңден 28 миң сомго чейин;
медицина кызматкерлери — 8 миңден 13 миң сомго чейин;
маданият кызматкерлери — 7,8 миңден 11,7 миң сомго чейин.
Бул багытка кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.
Өз кезегинде Жогорку соттун басма сөз кызматы судьялардын айлыгы көтөрүлгөндөн кийин инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетип жатканын билдирди. Айлыкка иш стажысы, квалификациялык классына, класстык чинине жараша ар кандай сумма кошулуп жатканы белгиленет.
Бүгүнкү күндө бир айлык эмгек акы КР Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн суммага жакындашпайт. Маалыматтарды ачык булактардан көрүүгө болот.
Ошону менен бирге Жогорку сот быйыл Финансы министрлиги чоң ийгиликтерге жетишип, айлык акынын көтөрүлүшү сот системасынын бардык кызматкерлерине таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.



