Коом

Кыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык 62 миң сомго жетери айтылды

Кыргызстанда 2030-жылга чейин орточо айлык акы 62 миң сомго чейин өсөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министрлигинин божомолдорунда айтылат.

Министрликтин маалыматына ылайык, орточо айлык эмгек акынын өсүшү жыл сайын 2,9% түзөт. Ошондой эле калктын акчалай кирешеси жыл сайын орто эсеп менен 6,7% көбөйүп, 2030-жылы 1,79 трлн сомго жетери болжолдонууда.

Документте жакырчылыктын деңгээли жылына орточо 1,1% төмөндөй турганы белгиленген. Калктын саны жыл сайын 146,5 миң адамга көбөйөт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 2030-жылга карата ИДП адам башына 5 миң доллардан ашары, ал эми жашоо минимумунун өлчөмү 11 миң 148 сомго чейин көтөрүлөрү көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button