Онлайн кеңешмеде ИИМдин үч жыл ичинде жетишкен ийгиликтери менен алдыда аткарыла турган иштери талкууланды

2023-жылдын 22-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков узап бара жаткан жыл, мамлекетибиздин өнүгүү жолун бекемдеген жылдардан болуп, өлкөбүздү алдыга сүрөгөн келечектүү пландар ишке киргизилип, элдин жашоо-турмушу бир кыйла жакшырганын билдирди.

“Ички иштер министрлиги да тарых беттеринде жазылып кала турган бир катар ийгиликтерге жетише алды. Келерки жылы мындан да бийик ийгиликтерге жетишип, көптөгөн максаттарды багындырабыз деп ишенем. Бийик максаттарыбыздан кайтпастан, өлкөбүз үчүн байсалдуу кадамдарды бирге жасай берели. Азыркы учурда, бардык жарандарыбыз жаңы жылды жакшы тилек, жылуу маанай жана жогорку үмүт менен күтүп алууга кам көрүп жаткан учуру.
Бирок, ички иштер органдары бул майрамды тосуу мезгилинде “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөп, коопсуздукту камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып барат.Анткени, эл-журттун бейпилдигин сактап, коомчулукка ак ниет кызмат өтөө — милициянын негизги милдети экендигин баарыңыздар жакшы билесиздер. 2023-жылга сарасеп салып, карап көрсөк, бир жыл боюу өлкөбүздүн ички коопсуздугун чыңдоо боюнча шарттарды түзүп, кылмыштуулуктун жаңы түрлөрүнө туруштук берүү системасын түзүүнүн камын көрдүк. Ошентип, өтүп бара жаткан жыл, ички иштер органдары үчүн жемиштүү жетишкендиктерди жана аракетке бай ишмердикти тартуулаган жыл болгондугун өзгөчө белгилеп кетким келет. “Кыргыз милициясы” мамлекеттин ички коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн коомго кызмат кылууга арналгандыгын көрсөтө алды. Бет алган багытына жетүүгө жөндөмдүү экендигин далилдеп, жаңы үлгүдөгү коопсуздук мейкиндигинен орун алды”,-деп баса белгиледи ИИМ башчысы.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков элдин коопсуздугу боюнча өз натыйжасын берип жаткан үч жыл аралыгындагы жетишкендиктердин жыйындысын белгилеп өттү. Алар:
-Республиканын бардык аймактарында 59 даана “Милициянын көчмө кабылдамалары” өз ишин улантып келүүдө.Айыл-шаар жергесинде жашаган элдин калың катмары көчмө кабылдамаларды кадыресе күтүп, ишеним көрсөтүп, таяныч таап калышты десек болот.Аны менен бирге, рейддерди өткөрүү тартибин эки эсеге күчөтүп, 300дөн ашуун рейддик иш-чараларды өткөрдүк. Натыйжада, кылмыштын катталуусу үч жыл аралыгында 51%га төмөндөдү.
-Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны 26%га азайды. Жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу үчүн, “Коопсуз шаар” долбоору жана анын ишмердигин көзөмөлдөгөн “Мониторинг борбору” иш алып барууда. Буга кошумча активдүү иш-чараларды уюштуруп, “Автоураган” аталыштагы 10 стационардык, 22 мобилдик аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргиздик. Туруктуу тартипте пропагандалык жумуштарды жүргүзүүнү жөнгө келтирдик. Жыйынтыгында, үч жыл аралыгында катталган жол-унаа кырсыктарынын саны 38%га азайды.
-Дүйнө жүзүндөгү 26 өлкөнүн ички иштер министрликтери менен тыгыз байланышты чыңдап, бир катар ири долбоорлорду, келишимдерди, меморандумдарды кабыл алууга жетиштик. Анын алкагында, эл аралык донорлордон 221 миллион сомго бааланган ар түрдүү авто-техникалык жана кызматтык керектөөдөгү каражаттарды алып, ишке киргиздик. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен сервердик жабдууларды, видео-регистраторлорду, планшеттерди, боди-камераларды алып, Милициянын кайгуул кызматтары менен аймактык тескөөчүлөргө таратып бердик. Боди-камералардын иштөө тартибин Президентибиз жакында болуп өткөн Курултайда онлайн форматында коомчулукка көрсөтүп берди. Ал учурга баарыңыздар күбө болуп, көрдүңүздөр.
-Ыкчамдыкты чыңдоочу санарип радиостанцияларды жана башка көптөгөн заманбап технологияларды ишке киргизип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын уюштурдук.300дөн ашуун унаа каражаттарын алып, жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого таратып бердик. Ошентип, заманбап ыкмалар жана түзүлгөн шарттардын натыйжасында, жалпы кылмыштардын бетинин ачылышы 28%га жакшырды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу 68%га жогорулады. Эл менен түздөн-түз иштеген аймактык тескөөчүлөргө дагы кошумча авто-техникаларды таратып берүүнү максат кылып жатабыз.
-Республика боюнча үч миң видеокамералар күнү-түнү иштеп жатат. Видеокамераларга мониторинг жүргүзүү жумуштарынын натыйжасында, үч жыл аралыгында 5 миң 600 кылмышты жеринде аныктап, бөгөт коюуга жетиштик. Бардык нөөмөт бөлүктөрүнө жана убактылуу кармоочу жайларга көзөмөлдөөчү камераларды орнотуп, коопсуздук системасын түзүүгө жетиштик. Натыйжада, камакта отурган же убактылуу кармалып турган адамдар арасында жанын кыюу, өз ара мушташуу же кыйноолорго дуушар болуу сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлду. Ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртуучу 15 жаңы программаны иштеп чыктык.
- “Тергөө” программасыда азыркы тапта өз жемишин берип жатат десек болот. “Транспорттук ишмердикти лицензиялоо”, “Маалыматтык издөө”, “Жол кырсыктарын эсепке алуу”, “Электрондук документ жүгүртүү” жана башка бир катар жаңы системаларды түзүп, ишке ашырдык. Азыркы учурда, пилоттук режимде “Курал реестри” жана “Медициналык маалымат системасы” аталыштагы эки тутумду ишке киргизип, сыноо этабынан өткөрүп жатабыз.
-“Ички иштер органдарынын ишмердигин баалоо” тутуму түзүлүп, текшерүү этабынан өтүп жатат. Ушуларга окшогон дагы бир топ программаларды ишке ашырып, ыкчам-кызматтык натыйжаларды дагы чыңдайбыз.
-Үч жыл аралыгында “Бирдиктүү терезе” жана “Унаа” мекемеси аркылуу республикалык бюджетке 3 миллиардка жакын каражат түшүрүүгө жетиштик. Ички иштер органдарына тиешелүү 42 объекттини куруп, пайдаланууга бердик. 200 объектке курулуш-монтаждоо жана оңдоп-түзөө иштерин уюштурдук.
-Турак-жайы жок кызматкерлерге жана ардагерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Бишкек шаары боюнча алганда эң төмөнкү баада 216 батирди кесиптештерибизге тапшырдык. Өздүк курамга шарт түзүп, ар тараптуу социалдык колдоолорду улантып, келерки жылы дагы бир катар кызматтык жана социалдык курулуштарды ишке ашырууну пландап жатабыз.
-Адамзаттын саламаттыгына доо кетирген бирден-бир көйгөй баңгизаттары болуп эсептелет. Бул багытта жаңы методикаларды жана санарип ыкмаларды колдонуп, үч жыл аралыгында 16 тонна баңгизаттарын алууга жетиштик. - Жаңы үлгүдөгү сервистик тейлөөгө өтүп, коопсуздук чараларын бир тартипке салдык.
- Катталган кылмыштардын бетин ыкчам ачып, коомго жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу боюнча санарип тармагын жаңы багытка чыгардык.
- Жарандардын арыз-билдирүүлөрүн ачык-айкын тергеп, калыс чечим кабыл алууга жакшы шарттарды түздүк.
- Элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген кылмыштарга бөгөт коюу үчүн бир катар жаңы долбоорлорду даярдадык.
- Айыл-шаар аймактарында туруктуу негизде элге жолугушуу, жеринде юридикалык кеңештерди берүү, арыз-даттанууларды ыкчам кабыл алуу, элге ачык болуу тутумун түздүк.
- Ичибизден тазалануу, милициянын баркын кетирген кызматкерлерден арылуу процедурасын туруктуу негизде улантып жатабыз.
“Жооптуу жетекчилер – аталган талаптарды өздүк курамга туура жеткирип, мыйзам жана тартип бузууларга жол бербөөнү катуу көзөмөлгө алыңыздар. Элди тейлөө, суроо-талаптарды мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн, жардам сурап кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карата ишмердикти күчөтүңүздөр. Эң башкысы – милициянын ар бир жасаган жакшы иши элдин коопсуздугун чыңдоого, коркунучу жок абалды түзүүгө арналгандыгын белгилеп кетким келет.
Жарандарыбыздын жай турмушта жашоосун камсыздоо үчүн келечекте аткара турган иштерибиз көп. Алдыбызга койгон пландарыбыз ойлорубузда гана калбай, реалдуу турмушка ашып, эл тарабынан баа берилгенде гана максаттарыбыз аткарылды деп эсептөөгө болот. Ошондуктан, быйылкы жылы жетише албаган иштерибизге, келерки жылы жетип, “Коопсуз мамлекет” баскычына өтүүгө таалыкпас аракеттерди уланта беребиз демекчимин. Акылы, жүрөгү менен чын ниеттен элге ак кызмат кылган, жогорку маданиятты сактап, аздектеп алып жүргөн, өз ишине так, жарандарга жылуу жана сылык мамиле жасаган кадрларды калыптандыруунун үстүндө бир катар иштерди жүргүзөбүз. Өлкөбүздүн бардык аймактарында бир гана мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүрүшү керек.
Милициянын алып барган ишмердиги, түптөгөн багыты, керек болсо таянганы да бир гана мыйзам болушу шарт. 2024-жылы дагы бир катар участокторго, район-шаарларды бириктирген аймактарга, эл көп чогулган жерлерге видеокамераларды орнотуп, күнү-түнү мониторинг иштерин күчөтүп “Санарип жибек жолун” ишке ашырууну улантабыз.
Кыйыры учсуз кылымдарды, мерчеми түпсүз мезгилдерди артка калтырып, бир көз караш менен бардык ишмердикке баа бере алган улуу калкыбыз жаман менен жакшыны таразалап, баамдаганды билет. Андыктан, ар бир жетекчи эл үчүн көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди жасап, коопсуздук жумуштарын бекемдеңиздер деген көрсөтмө берем. Кирип келе жаткан Жаңы жыл – элибизге тынчтык, жерибизге береке, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой жылдардан болсун! Милициянын коом үчүн жасап жаткан аракеттери, мезгилдин ыргактарынан орун алып, келечек муун көкүрөк толо сыймыктанып, айтып жүргөндөй абалды чогуу жараталы деген үмүтүбүз бар”,-деп сөзүн жыйынтыктады ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.



