Коом
Бишкектин мектептери менен бакчалары 7-февралдан тарта кадимки тартипте иштейт
Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу бардык муниципалдык билим берүү уюмдарында 7-февралдан тарта окутуу кадимки режимде улантылат. Бул тууралуу медиа-штаб билдирди.
Буга чейин ТЭЦтеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулганы белгиленди. Мындан улам Бишкектин окуучулары эртең онлайн-режиминде окушат, мамлекеттик бакчалар дагы иштебейт.



