Дүйнө
Россия аэропортунда кармалган кыргызстандыктын 29 iPhone’ну эмне болот?

Новосибирск бажысы Кыргызстандан учуп барган жүргүнчүнүн жүгүнөн табылган 29 даана iPhone’ду конфискациялоону талап кылып, Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Новосибирские новости» басылмасы жазды.
Ал киши телефондорду туугандарына белек катары алып келгенин айткан. Бирок товардын баасын жана максатын тастыктаган документтерди бере алган эмес.
Орусиялык ЖМКлардын жана «Новосибирск облусунун жалпы юрисдикциясынын соттору» паблигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран 2024-жылдын 13-мартында Толмачевоаэропортунун эл аралык терминалында кармалган.


