Коом

Бишкек вебкам-студияларды уюштурууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында 30 жаштагы жаран вебкам-студияларды уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 11-мартта Бишкек шаардык милициясына интернет сайттарындагы жарнама аркылуу кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө, башкача айтканда, вебкам-студияларына жумушка чакыруу жүрүп жатканы  тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 1995-жылы туулган Т.А. атуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button