Коом

Аскат Алагөзов: «Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт»

Аэропорт ички каттамдарды тейлөө үчүн сатып алган 4 учактын экинчиси бүгүн келет, үчүнчүсү январда келет, төртүнчүсү майда келет.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Ошентип 2025-жылдын май айынан баштап 4 учак баардык аймактарга учуп, элге толук кызмат кыла башташат. 30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт. Азыр алардын баары учактарды кабыл алууга даяр болду. И баса, келээрки жылдары Токтогул аэропорту да оңдоодон өтүп, келечекте учактарды кабыл алат. Өлкө боюнча кичи авиация жанданып жатат. Жакынкы аралыктарда кичи учактар үчүн илгерки «кукурузниктер» пайдаланган кичи аэродромдор иштей баштайт»,- деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button